БШК №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктап, Эргешов Бекмурза Аскарбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды

04 мая 2024

2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктады.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 55-шайлоо участкасы түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесинде 125 386 шайлоочу киргизилген.

№7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 14 талапкерди каттады. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу арызынын негизинде талапкер Т.Ж.Кадыровду каттоосу жокко чыгарылган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 12 талапкер катышты.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде БШКга шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды бузуулар жөнүндө 17 арыз жана билдирүү келип түшкөн, алар компетенциясы боюнча шайлоо комиссияларында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык   чечимдер кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдер 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдөгү даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестринде чагылдырылган (https:// shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij - deputatov-zhk-kr-28-aprelya-2024-goda/) – көчүрмө тиркелет.

БШКнын 2024-жылдын 4-майындагы жыйынтыктоочу жыйынында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (С.Б. Макилов), Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (К.А. Тургуналиев), Ош шаарынын прокуратура органдарынын (З.А.Тойчубаев, К.Ж.Насипов) камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө КР УКМК Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын (А.Молдоалиев) №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу боюнча кѳрүлгѳн чаралар жѳнүндѳ  маалыматтары угулду.

Ош шаарынын ИИББ жана прокуратурасынын маалыматтарына ылайык, 26 билдирүү келип түшкѳн, алардын 24 боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Бир материал боюнча кылмыш иши козголгон (добуштарды сатып алуу), бир материал кылмыш ишинин алкагында бириктирилди.

Жүргүзүлгөн тергѳѳ амалдарынын жыйынтыгы боюнча «аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу» кылмыш иши боюнча ѳнүрүш токтотулган.

Ош шаардык прокуратурасы көзөмөл тартибинде кабыл алынган чечимдер текшерилип, мыйзамдуу жана негиздүү деп табылганын билдирди.

Ош округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде добуш берүүгө 23078 шайлоочу катышып, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 18,41%ын түздү.

Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй добуштарын алышты:

 

 

Мамаев Абдилазиз Абдырахманович 910 добушалган, 3.94%;
Танабаев Нурлан Исамидинович 108 добушалган, 0.47%;
Бакир уулу Турсунбай 730 добуш алган, 3.16%;
Мамаджанов Бахтияр Тажибаевич 573 добушалган, 2.48%;
Арзибаев Бекболот Осконбаевич 3 093 добушалган, 13.40%;
Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович 1 291 добуш алган, 5.59%;
Эргешов Бекмурза Аскарбаевич 10 097 добушалган, 43.75%;
Абдугапаров Авазбек Абибулаевич 376 добушалган, 1.63%;
Балтабаев Абдивали Жакыпович 208 добушалган, 0.90%;
Лилиенталь Юлия Викторовна 337 добуш алган, 1.46%;
Караев Эмиль Жаныбекович 564 добуш алган2.44%;
Эргешов Ильичбек Салыевич 3 436 добушалган, 14.89%;
Бардыгы үчүн каршы позициясы үчүн 619шайлоочсу добуш берген, 2.68%.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, укук коргоо органдарынын маалыматын эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Эргешов Бекмурза Аскарбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.