Шайлоочулар биринчи жолу шайлоо участкаларында идентификациялоо үчүн электрондук паспортторду колдоно алышат
28 апреля 2024
Бүгүн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү.
Шайлоо учурунда жарандар биринчи жолу шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялоо үчүн электрондук паспортторду колдоно алышат.
Электрондук документ форматындагы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту “Түндүк” системасынын тиркемесинде санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылып, жарандар тарабынан кеңири колдонулат.
Аны шайлоодо колдонуу ыкмасы биринчи жолу Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын идентификациялык программаларына киргизилген.
