Урматтуу шайлоочулар! Саат 20.00гө чейин шайлоо участкалары сиздер үчүн ачык
28 апреля 2024
№ 2 Баткен, № 7 Ош жана № 9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча кезексиз шайлоону өткөрүүгө бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын 2500дөн ашуун мүчөсү тартылган: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 12 мүчөсү, округдук шайлоо комиссияларынын 41 мүчөсү жана 198 участкалык шайлоо комиссияларынын 2505 мүчөсү.
Шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиалдуу органдар.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоону мыйзам чегинде уюштуруу жана өткөрүү боюнча билими жана тажрыйбасы жетиштүү. Алар шайлоо участогуна келген ар бир шайлоочуга ар дайым колдоо жана жардам көрсөткөнгө даяр.
Шайлоо участкалары бардык зарыл болгон добуш берүү жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен камсыздалган. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Жарандык милдетиңизди билдирип - добуш бериңиз! Өз районуңуздан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты тандаңыз! Сиздин добушуңуз маанилүү!
Саат 20.00гө чейин шайлоо участкалары сиздер үчүн - ачык.