Үч округ боюнча орун-жайдан тышкары 606 шайлоочу добуш берди

27 апреля 2024

Үч округ боюнча орун-жайдан тышкары 606 шайлоочу добуш берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүндүгүн түзүп берүү өтүнүчү менен 687 шайллочудан арыз түшкөн: №2 Баткен шайлоо округу боюнча – 31, №7 Ош шайлоо округу боюнча - 488, №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – 168.

№2 Баткен шайлоо округунда – 29 (93,55 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 14;
  • майыптыгы барлар - 8;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 7.

Добуш берүүгө катышкан жок - 2 шайлоочу;

№7 Ош шайлоо округунда – 419 (85,86 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 159;
  • майыптыгы барлар - 166;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу –88;
  • башка категорияларга киргендер – 6;

Добуш берүүгө катышкан жок - 69 шайлоочу.

№9 Кара-Суу шайлоо округунда – 158 (94,05 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 69;
  • майыптыгы барлар - 38;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 51.

Добуш берүүгө катышкан жок - 10 шайлоочу.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.