БШК №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Б.Эргешовду каттоону жокко чыгарды

27 апреля 2024

26-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында комиссиянын мүчөлөрү №7 Ош шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б. Эргешов тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө талапкерлерден келип түшкѳн арыздарды жана билдирүүлѳрдү карап чыгышты. Бул маселенин алкагында БШКнын жумушчу тобу 2024-жылдын 24-апрелинде автордун YOUTUBE каналында жарыяланган Ыдырыс Исаковдун видеоматериалын карап чыкты.

Материалда автор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Эргешовдун штабына жеке жана кызматтык унаалары менен Ош шаардык мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлери кантип келип жатканын көрсөткөн. Автор Ы.Исаков “Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери талапкер Б.Эргешевге колдоо көрсөтүп жатышат, бул административдик ресурсту колдонуу болуп саналат” деп белгилейт.

2024-жылдын 25-апрелинде КР БШКга №7 Ош шайлоо округунун талапкерлери Б.Т.Мамаджанов, К.А.Кадыров, А.А.Мамаев, Н.И.Танабаев, А.А.Абдугапаров жана Б. Арзибаев тарабынан №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А. Эргешовдун каттоосун жокко чыгруу тууралуу талабы менен жамааттык арызы келип түшкѳн.

Арызда №7 Ош шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Б.А.Эргешов кызматкерлерди тартуу менен системалуу түрдө административдик ресурсту пайдаланып жаткандыгы баяндалган, ошондой эле Ош шаарынын мэриясы тарабынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ар кайсы муниципалдык органдардын жана ишканалардын айрым кызматкерлери ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгы же болбосо тартиптик жоопкерчиликке тартылгандыгы белгиленген.

Арыз ээлеринин, талапкер Б.Эргешовдун түшүндүрмөлөрүн, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгын, Ош шаардык мэриясы кабыл алган чечимдер тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн (административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Бекмурза Аскарбаевичти каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимди БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү