КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К.Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

25 апреля 2024

2024-жылдын 25-апрелинде КР БШКнын жыйынында №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сарбагышев Максатбек Канатбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 59-беренесинин 7-бөлүгүнө, 65-беренесинин 6-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнѳ ылайык, №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде КР ЖКнын депутатынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К.Сарбагышевдин күбөлүгү анык эмес деп таанылды.

 

Маалымат иретинде:Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча тийиштүү шайлоо округдарына кеткендердин ордуна Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде өткөрүлөт.