"MEGA", "O!" жана “Beeline” түйүндүк байланыштардын мобилдүү операторлору добуш берүү күнү шайлоочуларга чакыруу жөнөткөн

28 апреля 2024

28-апрелде өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуу үчүн шайлоочуларга СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош шайлоо округдары боюнча шайлоочуларга маалымат берүү максатында көчмө телефондор менен бирдикте Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлору "MEGA" ("Альфа Телеком" ЖАК), "Ох!" («НУР Телеком» ЖЧКсы) жана «Билайн» («Скай Мобайл» ЖЧКсы) уюлдук байланыштын мобилдүү операторлору менен биргеликте жогоруда аталган округдардын шайлоочуларына төмөнкү мазмундагы СМС билдирүүлөрдү жөнөтүштү:

«Урматтуу шайлоочу! 28-апрель - Баткен, Кара-Суу жана Ош шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү! Добуш берүүгө катышып, татыктуусун тандаңыз!

1255 жана 119 кыска номурларына чалып, же ПИН-кодуңузду көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, өзүңүздүн шайлоо участогуңузду тактай аласыз. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы».