КР БШКга Коргонбай уулу Жусупбектен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгынын мандатын тапшыруу тууралуу арызы келип түштү

22 апреля 2024

КР БШКга Коргонбай уулу Жусупбектен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгынын мандатын тапшыруу тууралуу арызы келип түштү.

2024-жылдын 22-апрелинде КР БШКга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 59-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ, 65-беренсинин 6-бѳлүгүнѳ, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бѳлүгүнѳ ылайык, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча шайланган Коргонбай уулу Жусупбектен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу жөнүндө арызы келип түшкөн.

Маалымат иретинде: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча тийиштүү шайлоо округдарына кеткендердин ордуна Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт.