БШК КР ЖК депутаты Э.Р. Джусуповдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

22 апреля 2024

2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өткөн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джусупов Эмилбек Рамидиновичден келип түшкөн өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтоттуу жөнүндө келип түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 59-беренесинин 7-бөлүгүнө, 65-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, КР БШК КР ЖК депутаты Джусупов Эмилбек Рамидиновичтин ыйгарым укуктарын токтотту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джусупов Эмилбек Рамидиновичтин күбөлүгү жараксыз деп таанылды.