КР БШК 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
08 апреля 2024
Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - СӨМ), (калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик порталына “Тизме": шилтеме - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды.
Шайлоочулардын контролдук тизмелери 2024-жылдын 8-апрелинде 198 шайлоо участкасына илинет.
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 112 495, анын ичинен 56 590 эркектер жана 55 905 аялдар же 50,30% жана 49,70%.
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 125 344, анын ичинен 58 649 эркектер жана 66 695 аялдар же 46,79% жана 53,21%.
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 111 995, анын ичинен 54 416 эркектер жана 57 579 аялдар же 48,59% жана 51,41%.
Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт.
Урматтуу шайлоочулар!
2024-жылдын 12-мартынан тартып 17-апрелине чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2024-жылдын 17-апрелине чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.