Үч округ боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктап жатат
04 апреля 2024
2024-жылдын 28-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча № 2 Баткен шайлоо округу, № 9 Кара-Суу шайлоо округу жана № 7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктоодо.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 35, анын ичинен 1 аял талапкер катталды.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген 42 талапкер арыз берсе, 6 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты,
Бир талапкердин документтеринин мыйзамда белгиленген талаптарга шайкештиги дагы эле текшерилүүдө.
№ 2 Баткен шайлоо округу боюнча:
Жалпысынан 12 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети тууралуу арыз берип, 10 талапкер катталды, 2 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
№2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси
№ 7 Ош шайлоо округу боюнча:
Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип жалпысынан 18 талапкер арыз берген, 14, анын ичинен 1 аял талапкер катталган, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартышкан.
№7 Ош шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси
№ 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча:
Жалпысынан мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип 12 талапкер арыз берген, 11 талапкер катталган. Бир талапкердин документтеринин мыйзамда белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилүүдѳ.
№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоону улантууда. Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин БШК талапкерлердин бюллетендеги катарын аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрөт, бекер эфир убактысын жана басма аянтын бөлүү боюнча чүчүкулак өткөрөт жана үч шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюлат. .
Бир күн мурун Ош, Баткен жана Кара-Суу шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жыйындар өтүп, анда чүчүкулак кармоо жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлө турган шайлоо округдарындагы талапкерлердин ортосунда меморандумга кол коюу боюнча чечими кабыл алынган.
Чүчүкулак төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2024-жылдын 8-апрелинде эң активдүү этап – шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат, ал 2024-жылдын 27-апрелинде саат 8.00дө аяктайт.












































