КР БШК Г.А.Бадаловду №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттады
23 марта 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-мартындагы жыйынында Бадалов Ганишер Абдуллаевичти № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө чечим кабыл алынды жана КР ЖК депутаттыгына талапкерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилди.
Чечим 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ѳзүн ѳзү көрсөтүү тартибинде Бадалов Ганишер Абдуллаевичти №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо үчүн берилген документтердин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 60-1, 61-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусун эске алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бѳлүмү
