КР БШК жамааты жалпы шаардык ишембиликке катышты

23 марта 2024

Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаарында ишембилик өткөрдү.

 

Иш-чарага Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

 

Абдрахманова көчөсүнѳн тартып Тоголок Молдо кѳчѳсүнүн түштүк тарабында БЧКнын боюндагы атайын бөлүнгөн тилкеде тазалоо иштери жүргүзүлдү.

 

Ишембиликтин жүрүшүндө аталган тилке катуу жана башка таштандылардан тазаланды. Ошентип БШКнын жамааты өлкөдөгү туруктуу тазалыкты сактоого салым кошууда.

 

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Эки айлыкка ылайык, бардык мамлекеттик мекемелер жума сайын тазалоо иштерин жүргүзүүсү зарыл.

 

Маалымат бөлүмү