КР БШК Б.А.Калпаевди №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер кылып каттады

20 марта 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 20-мартындагы жыйынында Калпаев Бактыяр Алиевичти №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө чечим кабыл алды жана КР ЖК депутаттыгына талапкерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берди.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 60-1, 61-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусун эске алуу менен Калпаев Бактыяр Алиевичти 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо үчүн берилген документтердин негизинде кабыл алынды.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү