№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды

15 марта 2024

2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү катталды.

№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Калпаев Бактыяр Алиевичтин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо жѳнүндѳ 2024-жылдын 14-мартындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:

1. №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Калпаев Бактыяр Алиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

- Аманбаева Акмарал Ильязовна шайлоо маселелери боюнча;

- Болотакунова Саида Амановна финансы маселелери боюнча.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.

КР БШК маалымат бѳлүмү