Кара-Суу райондук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

15 марта 2024

Кара-Суу райондук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн билдирүүлөрүнүн негизинде Айдаров М.К. жана Абдилла кызы А. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелери, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн, сактоонун тартиби жөнүндө» жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Кара-Суу райондук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди:
 

- Комиссиянын курамынан Айдаров Мансур Каниметович жана Абдилла кызы Арууке чыгарылды;
 

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына Абдибаитов Камилжан Алимович жана Арзиев Эмил Маматкаримович кошулду.