Кѳңүл буруңуздар конкурс!!!!! «ЖЕРГИЛИКТУУ КЕҢЕШТЕРДИН АЯЛ ДЕПУТАТТАРЫ АРАКЕТТЕ»!
11 марта 2024
Урматтуу жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттары, сиздердин ишиңиздерди бүткүл өлкөдѳ билип, сиздер менен бүтүндөй өлкө сыймыктанат!
Жергиликтүү кеңештерде жана жамаатта иштеп жүргөндө өз тажрыйбаңыз жана жетишкен ийгиликтериңиз менен бөлүшүүнү кааласаңыз, сизди “Жергиликтүү кеңештердин депутат айымдары аракетте” сынагына катышууга чакырабыз!
Конкурстун максаттары:
• жергиликтүү кеңештердин жана жергиликтүү жамааттардын депутат айымдарынын жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө жана жашоо шарттарын жакшыртууда кесиптик ишмердигинин эң натыйжалуу тажрыйбасын аныктоо;
• жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарын жана жарандарды тажрыйба алмашууга жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө ийгиликтүү тажрыйбаларды жайылтууга шыктандыруу;
• Кыргыз Республикасынын ѳнүгүүсүндѳ жергиликтүү маселелерди чечүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын жана жаңы ыкмаларын жайылтуу;
• аялдар үчүн мандаттардын 30% резервин киргизүүдөн кийин жергиликтүү кеңештердин депутат айымдарынын жетишкендиктерине коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Конкурска катышуу үчүн 2024-жылдын 8-мартынан 8-апрелине чейинки мезгилде өзүңүздүн жамаатыңыздагы көйгөйдү чечүүгө багытталган парламенттик демилгеңиздин баяндамасын даярдап, бизге жөнөтүшүңүз зарыл.
Толтурула турган форма катышуучунун талабы боюнча жөнөтүлөт (WhatsApp, Telegram, e-mail ж.б.)
Бардык толук толтурулган формалар юридикалык экспертизадан өткөн тажрыйбалар менен бирге ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбалар порталында жайгаштырылат.
!!! “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттарынын ийгиликтүү тажрыйбасы” конкурсунун жеңүүчүлөрү онлайн добуш берүү аркылуу аныкталат.
Мыкты үлгүлөр эң сонун сыйлыктарга ээ болушат:
• I орун – КР БШКнын ардак грамотасы, ноутбук жана принтер;
• II орун – КР нын ардак грамотасы жана ноутбук;
• III орун – КР БШКнын ардак грамотасы жана принтер, сканер жана ксерокс бар жабдуу (МФУ).
Кошумча 3 номинация:
• I талапкер – КР БШКнын Ардак грамотасы, ноутбук жана принтер;
• II номинация – КР БШКнын Ардак грамотасы, ноутбук жана МФУ;
• III номинация – КР БШКнын Ардак грамотасы жана МФП (принтер, сканер жана ксерокс).
Кызыктыруучу сыйлыктар:
«Муниципалитет» журналына акысыз 1 жылдык жазылуу.
АМУЦАда 1 жылдык окуу үчүн 2 сертификат
Жергиликтүү жамааттын маселелерин чечүүдө жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууда сиздин алдыңкы тажрыйбаңыз башкаларга үлгү болот!
Сиз жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына умтулган аялзаты үчүн жергиликтүү коомчулуктун турмушун жакшыртуу боюнча жаңы прогрессивдүү идеяларды табууга шыктандыруучу болосуз!
Конкурсту “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясы” институту USAIDдин “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун колдоосу менен Өнүктүрүү саясаты институту ишке ашырып, төмөнкүлөрдүн катышуусунда өткөрөт:
• Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК);
• «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары союзу» (ЖӨАБ биримдиги);
• «Өнүктүрүү саясаты институту» коомдук бирикмеси (ӨСИ).
Конкурстун катчылыгы: АМУЦА жергиликтүү кеңештердин аял депутаттар клубу.
|
|
Байланышта: Нургуль Джаманкулова 0770771711, n.dzhamankulova@lga.kg