№ 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды

09 марта 2024

2024-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бадалов Ганишер Абдуллаевичтин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо жѳнүндѳ 2024-жылдын 7-мартындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:

1. №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн Бадалов Ганишер Абдуллаевичтин шайлоо боюнча - Асанов Зайырбек Жусупжанович; каржы маселелери боюнча - Акылбеков Алмамбет Акылбекович ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилсин.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү