КР БШКнын 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнѳ куттуктоосу

07 марта 2024

Урматтуу айымдар!

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Аялдардын эл аралык 8-март майрамы менен ак дилден куттуктайт!

Талыкпаган эмгектин, тынымсыз өркүндөѳнүн жана ынтымакка умтулуунун, жаңы билимдерге жана бийиктиктерге жетишүүнүн аркасында Кыргызстандын аялдары зор максаттарга жетишип жатышат. Аялдардын ийгиликтеринин үсүрү билим берүү жана илим, маданият жана спорт, ишкердик, мамлекеттик башкаруу, саясат, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин башка маанилүү чөйрөлөрүндө кеңири кѳрүнүүдѳ.

Ар тармакта эмгектенүү менен Кыргызстандын аялзаты коомубуздун, мамлекетибиздин өнүгүшүнө зор салым кошуп келүүдѳ.

Кыргызстан аялдардын ѳлкөнүн башкаруу, социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушуна катышуусун кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясатты туу тутуп, колдоп келет.

Аялдардын республикабыздын шайлануучу органдардагы өкүлчүлүгүн жогорулатуу үчүн чыныгы шарттарды түзүү үчүн Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары менен айылдык кеңештерде, ошондой эле Жогорку Кеңеште аялдар үчүн мандаттын 30 пайыздан кем эмесин резервге коюу киргизилип, шаардык кеңештерге талапкерлердин партиялык тизмелериндеги аялдар үчүн орундар партиялык мандаттар боюнча 30 пайыздан кем эмес квота белгиленген.

Мындай нормаларды иш жүзүндѳ колдонуунун ийгиликтүү натыйжасы даана кѳрүндү, анын натыйжасында жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 9 пайыздын 37,7 пайызгы чейин өсүп, ал эми Жогорку Кеңеште мандаттардын жалпы санынын 22 пайыздын ашыгын түздү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бул нормаларды иш жүзүндө жүзѳгѳ ашыруу процессинде «биз аялдардын ролун үй-бүлөдѳгү жана күнүмдүк тиричиликтеги камкордугу менен гана чектебешибиз керек. Кыргызстандын аялдары коомубуздун жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө да зор камкордук көрө алат!” деп бул саясаттын маанилүүлүгүн жана аны сѳзсүз колдоо керектигин ачык белгилеген.

Саясий колдоо жана азыркы этапта аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгѳ ө жетишүү боюнча шарттарды түзүүдѳ комплекстүү мамлекеттик программаларды кабыл алуу бул багыттагы мындан аркы прогрессивдүү өнүгүүнүн маанилүү шарты болуп саналат.

Ошону менен бирге, аялдар үй-бүлөнүн куттуу очогун ѳчүрбѳй сактоо менен үй-бүлөгө, балдарга кам көрүп, аларды окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү, үй-бүлөлүк каада-салттарды жана элдин маанилүү баалуулуктарын сактоону камсыз кылууда.

Ушул кубанычтуу майрам күнү сиздерге, кымбаттуу айымдар, чын жүрөктөн чың ден соолук, бакубатчылык, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз!

 

КР БШК жамааты