Кубатов Болотбек Усупбекович Жалал-Абад Ноокен районунун бириккен Бүргөндү-Достук айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

06 марта 2024

2024-жылдын 6-мартында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бириккен Бүргөндү-Достук айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 35565 адам жашаган Бүргөндү-Достук айыл аймагы Бүргөндү, Достук айыл аймактарын жана Таш-Көмүр шаарынын Тендик, Кызыл-Алма Чүйүт-Сай, Кудук-Сай, Кашкулак-Сай айылдарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 44 депутатты түздү (тизмеге шилтеме): Бүргөндү айылдык кеңешинин 21 депутаты, Достук айылдык кеңешинин 21 жана Таш-Көмүр шаардык кенешинин 2 депутаты.

Бүргөндү-Достук айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Кадыркулова Зинахан Кимсановна ачып, төрагалык кылды.

Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы талапкерлигин көрсөтүүдөн баш тартып, Достук айылдык Кенешинин төрагасы Мадалиев Нуралы Мамасабирович талапкерлиги боюнча шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 36 депутаттары катталып, 33 депутат добуш берүүгө катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Мадалиев Нуралы Мамасабировичке 15 депутат макул, 18 депутат каршы добуш беришти. Добуш берүүдөн кийин Мадалиев Нуралы Мамасабирович өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүдөн баш тартты.

КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 19-февралындагы катынын негизинде төрагалык кылуучу Бүргөндү-Достук айылдык кенештеринин депутаттарынын арасынан башка талапкерлерди көрсөтүүнү сунуш кылды.

Депутаттар тарабынан Бүргөндү айылдык кенешинин депутаты Кубатов Болотбек Усупбековичтин талапкерлиги көрсөтүлүп, добушка коюлду. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Кубатов Болотбек Усупбековичке 25 депутат макул, 3 депутат каршы добуш берип, Кубатов Болотбек Усупбекович бириккен Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн 31160 бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.

 

КР БШК маалымат бөлүмү