Жунусалиев Уланбек Келсинбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жаңыдан түзүлгөн Кара-Камыш айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

24 февраля 2024

2024-жылдын 24-февралында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 16514 адам жашаган Кара-Камыш айыл аймагы Кара-Жыгач жана Кара-Суу айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.Кара-Камыш айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү:Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 21 депутаты жана Кара-Суу айылдык кеңешинин 21 депутаты.

Кара-Камыш айыл аймагынын  кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутаты Дакенова Күлүмкан Разыковна ачып, төрагалык кылды.

Кара-Жыгач жана Кара-Суу айыл  аймактарынын  учурдагы төрагаларынын ичинен Назарбеков Анаралы Чиркейович жана Жунусалиев Уланбек Келсинбекович ортосунда шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Кара-Камыш айыл аймагынын 40 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы  менен эки талапкер 20 добуштан алып (чүчү-кулак жыйынтыгында) Жунусалиев Уланбек Келсинбекович Кара-Камыш бириккен айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча  уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.

 

КР БШК маалымат бөлүмү