Камалов Мирлан Абдималикович Ош облусунун Өзгөн районунун жаңыдан түзүлгөн Кызыл-Октябрь айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

22 февраля 2024

2024-жылдын 22-февралында Ош облусунун Өзгөн районунун жаңыдан түзүлгөн Кызыл-Октябрь айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 19822 адам жашаган Кызыл-Октябрь айыл аймагы Кызыл-Октябрь жана Кара-Таш айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Кызыл-Октябрь кеңешинин 21 депутаты, Кара-Таш кеңешинин 11 депутаты.

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу  Зулпуев  Нурмат депутат ачып, төрагалык кылды.

Кызыл-Октябрь жана Кара-Таш айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Арапов Кушбакбек Ташполотович жана Маматов  Каныбек  Жолдошбаевич (жалпы депутаттар колдоо көрсөткөн жок) Кайрадан шайлоо болуп жалпы депутаттардын арасынан Кызыл-Октябрь айыл аймагынын кеңешине талапкерлер Камалов  Мирлан Абдималикович, Токтомуратова Гульпери Абдылдаевна көрсөтүлүп шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 29 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Камалов  Мирлан Абдималикович 17 добуш менен бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы болуп Камалов Мирлан Абдималикович шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү