Алымбаев Бактыбек Мырзакеевич Ысык- Кѳл облусунун Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Каракол айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

21 февраля 2024

2024-жылдын 21-февралында Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Каракол айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 11262 адам жашаган Каракол айыл аймагы Каракол, Отрадное жана Тепке айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Каракол айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү: Каракол кеңешинин 11 депутаты, Отрадное кеңешинин 11 депутаты жана Тепке кеңешинин 10 депутаты.

Каракол айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Шабданбекова Чинара Солтонбековна ачып, төрагалык кылды.

Каракол, Отрадное жана Тепке айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Алымбаев Бактыбек Мырзакеевич, Сагындыкова Салтанат Бейшеевна жана Сеиталиева Махабат Шарбаевнанын арасында шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Каракол айыл аймагынын 22 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 22 добуш алып, Алымбаев Бактыбек Мырзакеевич бириккен Каракол айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү