Тыныбеков Айбек Базаркулович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жаңыдан түзүлгөн Оргочор айыл аймагынын кеңешинин төрагасын болуп шайланды

21 февраля 2024

2024-жылдын 21-февралында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жаңыдан түзүлгөн бириккен Оргочор айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 16924  адам жашаган Бириккен Оргочор айыл аймагы Ак-Дөбө, Светлая Поляна, Оргочор  жана Ак-Шыйрак айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Оргочор айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 54 депутатты түздү: Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутаты, Светлая Поляна айылдык кенешинин 21 депутаты, Оргочор айылдык  кеңешинин 11 депутаты жана Ак-Шыйрак айылдык  кеңешинин 11 депутаты.

Оргочор айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Акматов Жаналы Урсаевич депутат ачып, төрагалык кылды.

Ак-Дөбө, Светлая Поляна, Оргочор  жана Ак-Шыйрак айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Тыныбеков Айбек Базаркулович, Асанакунова Венера Шаршеналиевна, Дыйканбаев Улан Рыспекович  и Абдыбекова Салкын Орозакуновна  шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Оргочор айыл аймагынын 43 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 43 добуш алып, Тыныбеков Айбек Базаркулович Жети-Өгүз районундагы бириккен Оргочор  айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

КР БШК маалымат бөлүмү