Бечелов Токтобай Ашимович Талас облусунун Бакай-Ата районунун жаңыдан түзүлгөн Биримдик айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

21 февраля 2024

2024-жылдын 21-февралында Талас облусунун Бакай-Ата районунун жаңыдан түзүлгөн Биримдик айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 17314адам жашаган Биримдик айыл аймагы Кен-Арал, Өзгөрүш жана Ак-Дөбө айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Биримдик айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 53 депутатты түздү: Кен-Арал кеңешинин 11 депутаты, Өзгөрүш кенешинин 21 депутаты жана Ак-Дөбө кеңешинин 21 депутаты.

Биримдик айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Мадалиев Баратбай Алымбаевич депутат ачып, төрагалык кылды.

Кен-Арал, Өзгөрүш  жана Ак-Дөбө айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын Токонов  Багдад Шекербекович, Бечелов Токтобай Ашимовичи Конгайтиев Алмазбек Суйундукович ичинен шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Биримдик айыл аймагынын 48 депутаты катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 33 добуш алып, Бечелов Токтобай Ашимович бириккен Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Маалыматүчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

КР БШК маалымат бөлүмү