Сманов Кубанычбек Бекмырзаевич Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жаңыдан түзүлгөн Узун-Кыр айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

 

2024-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жаңыдан түзүлгөн Узун-Кыр айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 21083 адам жашаган Узун-Кыр айыл аймагы Узун-Кыр жана Новопокровка айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

 Узун-Кыр айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү : Узун-Кыр кеңешинин 11 депутаты жана Новопокровка кеңешинин 21 депутаты.

 Узун-Кыр айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Мусина Эльмира Шейшеновна депутат ачып, төрагалык кылды.

Узун-Кыр жана Новопокровка айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Сманов Кубанычбек Бекмырзаевич жана Турдиев Шакир Исамединович шайлоо болуп өттү.

  Сессияга бириккен Узун-Кыр айыл аймагынын 30 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 17 добуш алып, Сманов Кубанычбек Бекмырзаевич бириккен Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү