Алмабеков Айбек Исабекович Ысык- Кѳл облусунун Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Кыдыр аке айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 февраля 2024
2024-жылдын 20-февралында Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Кыдыр аке айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 22771 адам жашаган Кыдыр аке айыл аймагы Кереге-Таш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Кыдыр аке айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 52 депутатты түздү: Кереге-Таш кеңешинин 21 депутаты, Теплоключенка кеңешинин 21 депутаты жана Эңилчек кеңешинин 10 депутаты.
Кыдыр аке айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Байтолоева Кулумкан Урсопоевна ачып, төрагалык кылды.
Кереге-Таш, Теплоключенка жана Эңилчек айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Талантбеков Кайрат Талантбекович, Алмабеков Айбек Исабекович жана Исмаилова Айнура Усуповна арасында шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Кыдыр аке айыл аймагынын 40 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 21 добуш алып, Алмабеков Айбек Исабекович бириккен Кыдыр аке айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү



