Алымжан уулу Исламбек Ысык- Кѳл облусунун Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Хан Тенгри айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Хан Тенгри айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 18451 адам жашаган Хан-Тенгри айыл аймагы Ак-Булуң, Ак-Чий, Боз-Учук жана Жыргалаң айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Хан-Тенгри айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 64 депутатты түздү: Ак-Булуң кеңешинин 21 депутаты, Ак-Чий кеңешинин 11 депутаты, Боз-Учук кеңешинин 21 депутаты жана Жыргалаң кеңешинин 11 депутаты.

Хан-Тенгри айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Исаев Тѳлѳгѳн Бекташович ачып, төрагалык кылды.

Ак-Булуң, Ак-Чий, Боз-Учук жана Жыргалаң айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Алымжан уулу Ислам, Букаева Кызылкуль Султанбековна, Султанбаева Эльмира Кенешовна жана Термечиков Бейшембек Кенешевичтин арасында шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Хан Тенгри айыл аймагынын 48 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 21 добуш алып, Алымжан уулу Ислам бириккен Хан-Тенгри айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү