Эрмекбаев Рашид Адылбекович Ош облусунун Кара-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Ынтымак айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 февраля 2024
2024-жылдын 20-февралында Ош облусунун Кара-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Ынтымак айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 23265 адам жашаган Ынтымак айыл аймагы Жаңы-Арык жана Кызыл-Суу айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Ынтымак айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү: Жаңы-Арык кеңешинин 21 депутаты жана Кызыл-Суу кеңешинин 11 депутаты.
Ынтымак айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Ж.Маматалиев депутаты ачып, төрагалык кылды.
Жаңы-Арык жана Кызыл-Суу айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Эрмекбаев.Р.А жана Насирдинов.Ж.Э ортосунда шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Ынтымак айыл аймагынын 28 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 19 добуш алып, Эрмекбаев Рашид Адылбекович бириккен Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү




