Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жаңыдан түзүлгөн Багыш айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бириккен Багыш айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 30554 адам жашаган Багыш айыл аймагы Багыш жана Ленин айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Багыш айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 52 депутатты түздү: Багыш айылдык кеңешинин 31 депутаты жана Ленин айылдык кеңешинин 21 депутаты.

Багыш айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Бердикожоева Айтбу Көчөровна депутат ачып, төрагалык кылды.

Бириккен Багыш айылдык кенешинин төрагалыгына 1 эле талапкер, Багыш айылдык кенешинин учурдагы төрагасы Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович көрсөтүлдү.

Сессияга бириккен Багыш айыл аймагынын 43 депутаттары катталып, 42 депутат добуш берүүгө катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 42 добуш алып, Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович бириккен Багыш айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн 31160 бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү