Чубаков Эрмек Чүй облусунун Кемин районунун жаңыдан түзүлгөн Чым-Коргон айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 февраля 2024
2024-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Кемин районунун жаңыдан түзүлгөн Чым-Коргон айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 8351 адам жашаган Чым-Коргон айыл аймагы Чым-Коргон жана Алмалуу айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Чым-Коргон айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 22 депутатты түздү: Чым-Коргон кеңешинин 11 депутаты жана Алмалуу кеңешинин 11 депутаты.
Чым-Коргон айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Джумагулова Гульбарчын Ыбраимовна депутат ачып, төрагалык кылды.
Чым-Коргон жана Алмалуу айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Чубаков Эрмек жана Омуралиев Алтынбек Сагынбаевич ортосунда шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Чым-Коргон айыл аймагынын 22 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эки талапкер бирдей 11ден добуш алышты, чучук улак тартуунун жыйынтыгы боюнча Чубаков Эрмек бириккен Чым-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү


