Джусупбеков Канатбек Мырсабекович Талас облусунун Талас районунун жаңыдан түзүлгөн Кең-Кол айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Талас облусунун Талас районунун жаңыдан түзүлгөн Кең-Кол айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 18 946 адам жашаган Кең-Кол айыл аймагы Көк-Ой, Нуржанов, жана Долоно (Манас районунан Нылды жана Сары-Булак) айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Кең-Кол айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 56 депутатты түздү: Көк-Ой кеңешинин 21, Нуржанов кеңешинен 11, Долоно кеңешинен 21 депутаты жана Манас районунун Кайынды кеңешинен 3 депутаты.

Кең-Кол айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Жээналиева Роза Ибраимовна ачып, төрагалык кылды.

Көк-Ой, Нуржанов жана Долоно айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Берембаев Достук Айталиевич жана Джусупбеков Канатбек Мырсабековичтердин ортосунда шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Кең-Кол айыл аймагынын 38 (отуз сегиз) депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 32 (отуз эки) добуш алып, Джусупбеков Канатбек Мырсабекович бириккен Кең-Кол айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды .

 

Маалымат үчүн:

 

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү