Ибаков Мирлан Орозбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жаңыдан түзүлгөн Барскоон айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жаңыдан түзүлгөн бириккен Барскоон айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 15339 адам жашаган Бириккен Барскоон айыл аймагы Барскоон жана Тамга айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Барскоон айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Барскоон айылдык  кеңешинин 21 депутаты жана Тамга айылдык  кеңешинин 21 депутаты.

Барскоон айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Чекиров Насирбек  Токтосунович депутат ачып, төрагалык кылды.

Барскоон жана Тамга айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Ибаков Мирлан Орозбекович жана Букаров Азамат Асанкадырович ортосунда шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Барскоон айыл аймагынын 39 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 21 добуш алып, Ибаков Мирлан Орозбекович  Жети-Өгүз районундагы бириккен Барскоон айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү