КР БШК С.Зулпуевге КР Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын ѳткѳрдү

14 февраля 2024

2024-жылдын 14-февралында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан катталган талапкерлердин ичинен кийинки талапкер Зулпуев Саидбек Мейраждиновичке өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

С.М. Зулпуев “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды.

Депутатка белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

 

 

Маалымат бөлүмү