БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Боронбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

14 февраля 2024

2024-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында “Ата Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Боронбаев Абдыбахап Жолдошевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

КР БШК “Ата Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоттуу жѳнүндѳ келип түшкѳн жеке арызынынын негизинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Боронбаевдин ыйгарым укуктарын токтотту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Боронбаевдин күбөлүгү жараксыз деп таанылды.


 

Маалымат бөлүмү