Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
02 февраля 2024
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сүлүктү жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
3 депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандаттар жергиликтүү кеңештин 3 депутатына берилди.
«Ата Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынан Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Ибрагимов Асатбек Арзыбаевичтин (1) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кутбидинов Мырзаулук Абдухалиловичке (17) өткөрүлүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айылдык кеңешинин (№1 Ленин шайлоо округу) депутаты Асел Сапаровна Иманкулованын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Гүлайша Базарбаевна Амиракуловага ѳткѳрүлүп берилди;
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык кеңешинин (№1 С.Акбаров шайлоо округу) депутаты Умарбеков Шерзодбек Абдурашитовичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Камбаров Баходиржон Усманалиевичке өткөрүлүп берилди.