КР БШКнын 2024-жылы 2-февралында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
02 февраля 2024
Өткөрүү датасы: 2024-ж. 2-февралы
Убактысы: 12-00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Оргалча Токтобубуну «Альянс» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө;
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө;
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сүлүктү жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Ар кандай маселелер