КР БШК жана КР Президентине караштуу АИК биргелешип уюштурган коррупцияга каршы агартуу иштери боюнча жумалык аяктады

08 декабря 2023

Коррупцияга каршы агартуу иштери боюнча жумалык аяктады, ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш менен биргеликете КР БШК тарабынан 2023-жылдын 1-декабрынан 8-декабрына чейин ѳткѳрүлдү.

Антикоррупциялык агартуу боюнча жумалык мамлекеттик иштердин ар түрдүү чѳйрѳсүндѳ коррупцияны жок кылуу боюнча жарандардын маалымдуу болуусун жогорулатуу багытында ѳткѳрүлдү жана коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу адамдарынын бир катар чыгып сүйлѳѳлѳрүнѳн турду.

Аймактардагы КР БШК жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун базасында уюштурлаган тренингдерде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын иштерине мониторинг жүргүзгѳн жарандык коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты.

8-декбарда болгон корутунду тренингде Билим берүү министрлигинин жана Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери катышуучуларга коррупциялык тобокелчиликти басаңдатуу, ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтердин бетин ачуу, баа берүү жана тескѳѳ боюнча чаралар жѳнүндѳ баяндап беришти.

КР БШК тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаров шайлоо системасындагы антикоррупциялык чараларды белгилеп, ар бир добуштун аныктыгын камсыз кылган АЭУ пайдалануу менен добуштарды автоматтык эсептѳѳнү киргизүү аркылуу жаңы шайлоо модели колдонулганына токтолду.

«Ѳткѳрүлгѳн реформанын натыйжасында «Бир добуш – бир шайлоочу» принцибине жетишилди, ошентип шайлоо системасындагы бардык коррупциялык кѳрүнүштѳр дээрлик жокко чыгарылды. Бүгүнкү күндѳ шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ боло калчу терс кѳрүнүштѳрдүн, айталык шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун шайлоо комиссияларына тийиштиги жок» деп белгиледи Т. Шайназаров.

КР БШК мүчѳсү И. Гайыпкулов шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳгү финасылык ачык-айкындык жѳнүндѳ презентация жасады.

КР БШК аппаратынын кызматкерлери А.Акимбаев жана Ч.Исмаилова азыркы учурда шайлоо процессинде колдонулуп жаткан жаңы технологиялар жѳнүндѳ, Ыкчам чара кѳрүү коррдинациялык тобунун (ЫЧКТ) иштери, максаттары жана милдеттери тууралуу баяндап беришти.

Талкуунун жүрүшүндѳ мамлекеттик органдардын ѳкүлдѳрү коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн бардык суроолоруна жооп беришип, алардын сунуштарын жана сын-пикирлерин угушту.

Иш-чаранын соңунда АИК башкы катчысы Н.А. Муканова катышуучуларга коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу иштерди камсыз кылууга багытталган тренингдерге катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыл сайын 9-декбарда коррупцияга каршы күрѳштүн эл аралык күнү белгиленет.

Кыргыз Республикасы 2005-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы Конвенциясын ратификациялаган. Конвенцияга кол койган мамлекеттер пара, бийликтеги жана кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра жана кыянатчылык менен пайдалануу сыяктуу аракеттерге бѳгѳт коюу боюнча чечим кабыл алышкан.