Саруу айыл аймагындагы шайлоо участкалары жана Бишкек шаарындагы аралыктан добуш берүү участкасы 8.00 сааттан 20.00 сааттка чейин ачык
08 октября 2023
Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн Саруу айыл аймагында 4 шайлоо участкасы жана Бишкек шаарында (КР БШК имаратында) 1 аралыктан добуш берүү участкасы ачылган.
Шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар.
Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын 67 мүчѳсү: Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссясынын 12 мүчѳсү, Саруу айыл аймагынын 4 участкалык шайлоо комиссиясынын 48 мүчѳсү жана шайлоо күнү Бишкек шаарында жүргѳн же Бишкек шаарында жашаган Саруу айыл аймагынын жашоочулары үчүн Бишкек шаарында аралыктан добуш берүүчү участкасынын шайлоо комиссиясынын 7 мүчѳсү тартылган.
Шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү мыйзамдардын алкагында шайлоолорду уюштуруунун жана ѳткѳрүүнүн бардык зарыл билимдерине жана кѳндүмдѳрүнѳ ээ. Алар шайлоо участкасына келишкен ар бир шайлоочуга ар дайым жардам берип турушат. Шайлоо участкаларында Саруу айыл аймагынын ар бир шайлоочусун күтүп турушат.
Шайлоо участкалары добуш берүү үчүн бардык зарыл жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен жабдылган. Шайлоочулар үчүн алардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгѳн.
Жарандык позицияыңызды кѳрсѳтүп, шайлоого келип добуш бериңиз!
Саруу айылдык кеңешинин татыктуу депутаттарын тандаңыз! Сиздин добуш маанилүү!
Сиздер үчүн участкалар 8.00 сааттан 20.00 сааттка чейин ачык.