КР БШКда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү маселеси боюнча колл-борбор иштеп жатат
08 октября 2023
БШКда 1255 кыска номери боюнча колл-борборунун акысыз ыкчам линиясы иштеп жатат. КР БШКнын колл-борборуна жарандар кайрылганда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгѳ байланышкан маселелер боюнча, ошондой эле пилоттук аралыктан добуш берүүгѳ байланышкан суроолорго жооп ала алышат. КР БШКнын ыкчам линиясы шайлоо процессинин жүрүшү, добуш берүүгѳ катышуу эрежелери жѳнүндѳ жарандардын маалымат алуусун жогорулатуу, 2023-жылдын 8-октябрында ѳткѳн Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгѳ байланышкан малелелдер боюнча консультация алуу үчүн ачылган. Электрондук добуш берүү кантип ѳтѳрү жѳнүндѳ видеороликти ушул жерден кѳрсѳ болот.
КР БШК маалымат борбору




