КР БШКнын 2023-жылы 5 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
05 октября 2023
Өткөрүү датасы: 2023-ж. 5-октябры
Убактысы: 12-30.
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн протоколунун, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблицасынын формасын бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сузак, Ала-Бука, Баткен жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
- Ар кандай маселелер