БШК кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт
23 сентября 2023
Туура 34 жыл мурда, 1989-жылдын 23-сентябрында республикабызда мамлекеттик тил жѳнүндѳ мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу берилген. Мына ушул мезгилдин ичинде эгемен мамлекетибиз менен тарыхтын күүсүндѳ үзѳнгүлѳш жүргѳн кыргыз тили ары татаал, ары байсалдуу жолду басып ѳтүп, мамлекетибиздин коомдук-саясий турмушунда татыктуу ордун тапты. Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилиши тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун саясий, руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, кылымдарды карытып канчалаган доордун сыноосунан ѳткѳн эне тилибиздин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгонун бүгүнкү тарых далилдеп жатат. Мухиттей чалкыган «Манас» эпосун жараткан кыргыз тили азыркы күндѳ мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн эн тамагасына айлануу менен Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында жаңырып жатканы ѳтѳ даңазалуу.
Кадырлыуу замандаштар, мамлекеттик тил майрамыңыздар куттуу болсун, эгемен мамлекетибиздин символу катары түбѳлүккѳ жаңырып, муундан муунга улуу майрам катары даңазалана берсин!
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү
боюнча борбордук комиссиясы