БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекованын Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун жаңы туруктуу ѳкүлү А. Соловьева менен жолугушуусу болду

21 сентября 2023

Бишкекте 20-сентябрда БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекованын Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун жаңы туруктуу ѳкүлү А. Соловьева менен жолугушуусу болду

КР БШК тѳрагасы А. Соловьеваны Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун жаңы туруктуу ѳкүлү кызмат ордуна дайындалгандыгы менен куттуктап, тыкыс жана жемиштүү кызматташууга ишенгендигин билдирди.

КР БШК башчысы Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу ѳкүлүнѳ Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинин ѳзгѳчѳлүктѳрү туурулуу жана шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүүнүн, шайлоо процессин реформалоонун жүрүшүндѳ жетишилген ийгиликтьер жѳнүндѳ маалымат берди. Шайлоо системасын демократиялаштырууга багытталган натыйжалуу колдоо кѳрсѳткѳндүгү үчүн КРдагы ПРООНго ыраазычылык билдирди.

ПРООН менен ѳз ара аракетте жана колдоосунда Кыргыз Республикасында шайлоо процессин реформалоодо комплекстүү жана ыраттуу чаралар жүзѳгѳ ашырылды.

Кийинки шайлоо цикли 2025 – 2027-жылдарда башталат, бул мезгилде баардык деңгээлдеги шайлоолор ѳтѳт. Жаңы шайлоо циклинин башталышына чейин шайлоо аралыгындагы мезгил КР шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү, шайлоо процессиндеги жабдуулардын программалык-техникалык комплекстерин жаңылоо, жарандардын шайлоого катышуусун активдештирүү жана ага болгон ишенимин жогорулатуу максатында жарандык жана санариптик билдим берүү программаларын жүргүзүү БШКнын милдеттеринен болуп саналат.

Азыркы учурда ѳлкѳдѳ китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлѳрүнүн, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын орун-жайларынын базаларында 70тен ашык жарандык жана санариптик билим берүү борборлору иштеп жатат, алардын иши шайлоо системасына жарандардын ишенимин жогорулатуу боюнча окутууну жана маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын ѳткѳрүүгѳ багытталган. Борборлордо жарандык коомдук уюмдар менен биргеликте туруктуу негизде калкты агартуу жана жарандык жоопкерчиликке тарбиялоо максатында ар түрдүү иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ.

Шайлоо процессинин технологиялык мүнѳзүн эске алуу менен шайлоо процессинде маалымдуулук үчүн жана пайдаланылып жаткан технологияларды жакшы түшүнүп-билүү максатында калктын санариптик кѳндүмдѳрүн жогорулатуу жана кѳтѳрүү зарылчылыгы бар,

Тараптар ишенимди жакшыртуу үчүн маалымуулукту жогорулатуу жана жарандардын шайлоолоду, башкаруунун саясий системасын, демократиянын баалуулугун, адам укуктарын жана эркиндигин, жарандардын укуктарын жана милдеттерин түшѳ билүүсүн жогорулатуу боюнча ишти улантуунун зарылдыгын белгилешти.

Жүргүзүлүп жаткан реформанын натыйжалары бекем болуусу үчүн туруктуу жана кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштери зарыл.

КРдагы ПРООНдун туруктуу ѳкүлү А. Соловьева КР БШК башчысына узак мѳѳнѳттүү кызматташуусу үчүчн ыраазычылыгын билдирүү менен жаштардын, майыптыгы бар адамдардын, мигранттардын инклюзивдүүлүгүн камсыз кылууну, ошондой эле гендердик квотаны кашуп алганда, шайлоо системасын реформалоонун жүрүшүндѳ жетишилген ийгиликтерди белгиледи.

Андан аркы кызматташуунун атыкчылыктары белгиленип, биргелешкен пландарды жүзѳгѳ ашырууда колдоого жана кѳмѳктѳшүүгѳ даяр экендиктер билдирилди.

 

КР БШК басма сѳз кызматы