КР БШКнын делегациясы Еревандын улуулар кеңешин шайлоого мониторинге катышууда

17 сентября 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы эки тараптуу кызматташуунун алкагында 17-сентябрда ѳтуп жаткан Ереван шаарынын (Армения Республикасы) улуулар кеңешин кезектеги шайлоого мониторингге катышууда.

Кыргыз делегациясынын курамына КР БШКнын тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаров жана КР БШКнын шайлоолорду уюштуруу боюнча бѳлүмдүн эксперти А. Закиров кирген.

Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн БУУ, КМШ, ШОС, ОТГ, БДИПЧ жана ОБСЕден эл аралык миссияллар, ошондой эле чет элдик ЖМК аккредитацияланган.

Байкоочулар жана ЖМК ѳкүлдѳрү шайлоо участкаларында болушуп, добуш берүү процессине байкоо жүргүзүп, добуштарды эсептѳѳгѳ мониторинге катышат. Мындан тышкары, 16-сентябрь күнүн Армениянын БШК тѳрагасы Ваагн Овакимян менен жолугушуу болду, ал улуулар кеңешин шайлоонун тартиби жана шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ маалымат берди. Жолугушууга 14 ѳлкѳнүн шайлоо органдарынын, анын ичинде Кыргызстандын ѳкүлдѳрү, эл аралык байкоочулар миссиялары, Армениядагы аккредитацияланган дипломатиялык жана консульдук миссиялардын кызматкерлери чакырылган.

 

Маалымат иретинде:

Ереван шаарынын улуулардын жергиликтүү муниципалдык кеңешине шайлоолор пропорционалдык система боюнча ѳткѳрүлѳт. Ереван шаарынын улуулар кеңеши 65 улуудан турат, алар 5 жылдык мѳѳнѳткѳ шайланышат.

Шайлоого 14 саясий күч (13 партия жана бир блок) катышат.

Шайлоону даярдоону жана ѳткѳрүүнү Армения БШК, 10 округудук шайлоо комиссиялары жана 475 участкалык шайлоо комиссиялары уюштурат. Шайлоого бардыгы болуп 823 559 шайлоочсу катталган.

Жергиликтүү муниципалитеттин улуулар кеңешине мүчѳ болуп шайлоо күнүнѳ карата жыйырма беш жаш куракка чыккан жана алдыдагы бир жылдын аралыгында Ереван шаарында туруктуу жашаган Армениянын жараны шайлана алат.

50% + 1 добуш алган саясий партия Ереван шаарынын мэрин дайындайт. Эгерде бир дагы саясий партия шайлоочулардын 50% ала алышпаса коалиция түзүлѳт, ал Ереван шаарынын мэрин шайлайт.

Ереван шаарынын улуулар кеңешине саясий партияны каттоо Армения БШКсы тарабынан жүргүзүлѳт.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү