Бишкектин Ленин бир мандаттуу  шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын  шайлоодо добуш берүү башталды

10 сентября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 10-сентябрында 08.00 саатта №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо добуш берүү башталды.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо добуш берүү үчүн 51 шайлоо участкасы ачылган.

Добуш берүүнү ѳткѳрүү убактысы 10.09.2023-жылдын 08.00 саатынан 20.00 саатына чейин белгиленген (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун ала келүү зарыл).

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги шайлоочулардын саны - 127 239, алардын ичинен эркектер - 55 495, аялдар -71 744 же тийиштүүлүгүнѳ жараша 43,61% жана 56,39% түзѳт.

Шайлоочулардын тизмеси жѳнүндѳ маалыматты «Тизме»: https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан кѳрсѳ болот, ошондой эле ѳзүңдүн шайлоо участогуңдун дарегин 1255 же 119 номерине чалуу менен тактаса же болбосо паспорттогу жеке идентификациялык номерди кѳрсѳтүү менен 119 номерине СМС жиберүү (акысыз) аркылуу тактаса болот.

Бардык шайлоочуларга Ленин округдук шайлоо комиссиясы тарабынан маалымдама жеткирилген, аны ѳзүңдүн шайлоо участкаңдан кѳрсѳ болот.

Кайра шайлоого 24 талапкер катышып жатат, алардын ичинен 19 эркек, 5 аял талапкерлер.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер жѳнүндѳ кеңири маалыматтар менен «Талапкер» порталынын - https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg/35 шилтеме боюнча таанышса болот.

Мыйзамдуулукту жана жарандардын укугун коргоону камсыз кылуу үчүн курамына шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү жана укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү кирген ыкчам чара кѳрүү координациялык тобу түзүлгѳн,

БШК ЫЧКТ шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна туруктуу мониторинг жүргүзүп келет жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ токтоосуз маалымдайт.

Эгерде Сиз бузууларга күбѳ болсоңуз 1255 номери боюнча, 0(312) 660240-ишеним телефону боюнча, WhatsApр - 0990 04-12-55; 0707 01-12-55 боюнча кайрылсаңыз болот.
 

БШК шайлоого активдүү катышууга жана ѳлкѳнүн парламентине Ленин округунан татыктуу депутатты шайлоого чакырат!

 

КР БШК маалымат бѳлүмү