КР БШК жумушчу тобу үгүт жүргүзүү эрежесин сактоо боюнча бир катар маселелерди карады
06 сентября 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын үгүт жүргүзүү боюнча жумушчу тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо үгүт жүргүзүү эрежесин сактоо боюнча бир катар маселелерди карады.
Атап айтканда, Facebook социалдык түйүнүндѳ Azamat Maripov деп аталган пайдалануучунун болжолу депутаттыкка талапкер К. Самаковдун жоюлбаган соттуулугу бар экендиги, анын БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекова менен тууганчылык мамилеси жѳнүндѳ жана ушуга байланыштуу Ленин бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын ѳзгѳртүү үчүн серверге таасир этиши мүмкүн деген маалыматын карады.
1. Соттуулугу жоюлбаган жаран Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт, ошондуктан КР БШК парламенттин депутаттыгына талапкер катары каттоонун алдында текшерүү жүргүзѳт. Талапкердин соттуулугу маселеси КР ИИМдин кароосундагы, атап айтканда анын бѳлүмчѳсү – Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (КР ИИМ МТББ) маселеси болуп саналат.
КР БШК «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук ѳз ара аракеттенүү системасы аркылуу шайлоого катышууга ниеттенген жарандын соттуулугу жѳнүндѳ ведомстволор менен маалымат алмашып турат.
2023-жылдын 10 жана 15-августундагы КР ИИМ МТББ берген маалыматка ылайык текшерүү учурунда жоюлбаган соттуулугу болгон эмес.
КР БШК ошондой эле Башкы прокуратурадан да маалымат сураган, бул маселе боюнча жоопкерчилик КР ИИМде деген жооп алган.
КР БШК КР ИИМден жана Башкы прокуратурадан алган маалыматтардын негизинде К. Самаковду Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттаган.
2. Талапкер К. Самаковдун БШКнын тѳрагасы менен туугандык байланышы жок.
3. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жыйынтыктоону ишке ашырган КР БШКнын серверине сырттан таасир этүүгѳ мүмкүн эмес.
Добуш берүү аяктаганда добуш берүүнүн жыйынтыгынын алдын ала маалыматтары автоматтык түрдѳ автоматтык эсептѳѳчү урналардан (АЭУ) шифрленген түрдѳ байланыштын корголгон каналдары боюнча КР БШКнын борбордук серверине берилет жана жарандарга жана коомдук кѳзѳмѳлгѳ жарыялоо максатында маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) сайтына кѳз ачып жумгуча жарыяланат. Мында АЭУнун отчетторунун кѳчүрмѳсү серверге жѳнѳтѳрдѳн мурда участкалардагы бардык байкоочуларга берилет.
Мыйзамдарга ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептѳѳнүн натыйжасы боюнча белгиленет, ал АЭУнун жыйынтыктары жѳнѳтүлгѳндѳн жана жарыялангандан кийин жүргүзүлѳт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилѳѳгѳ жана ѳзгѳртүүгѳ эч кандай таасир этүү мүмкүнчүлүгү жок, добуштарды эсептѳѳ айкын жана ачык жүргүзүлѳт.
Жумушчу топ шайлоочуларды адаштырууга алып келген жалган маалыматтарды жайылтууга жол бербѳѳ тууралуу белгиледи.
Жумушчу топ ошондой эле Facebook социалдык түйүнүндѳ пайдалануучу Azamat Maripov талапкер Р.Тагаевди колдогон роликтерин байма-бай жарыялап жатат, бул анын талапкер менен болгон ѳз ара байланышын тактоону жана үгүт жүргүзүү эрежесин сактоо жана талапкер тарабынан каржылоо жѳнүндѳ маселени кароону талап кылат.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
