КР БШКнын 2023-жылы 30 - августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
30 августа 2023
Өткөрүү датасы: 2023-ж. 30-августу
Убактысы: 15.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо мыйзам бузуулар жөнүндө укук коргоо органдарынын материалдары жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
2. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Л.М.Саралаеванын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн билдирүүсү жөнүндө. – Абдыкеримова Б.Т. «Фейсбук» социалдык тармагындагы жарыялоо тууралуу Бакир уулу Т; (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
3. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мурат Кубанович Эсенамановдун ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Жайыл, Бакай-Ата, Тогуз-Торо, Токтогул, Базар-Коргон жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Мырзакматова Э.Т., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
7. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. Ар кандай маселелер