КР БШК 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган шайлоого байланыштуу түйүндѳрдѳ таркатылып жаткан саясий жарнактарды идентификациялоого кѳмѳк кѳрсѳтүү үчүн Facebookго расмий кайрылды

28 августа 2023

Талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана жалган саясий жарнактарга бѳгѳт коюу үчүн КР БШК түйүндѳрдѳ таркатылып жаткан саясийжарнактарды идентификациялоого, учурдагы шайлоонун алкагында саясий жарнактарды жайылтып жаткан аккаунттарды верификациялоого кѳмѳк кѳрсѳтүү үчүн Facebookго кайрылды.

Facebookго катталган 24 талапкерлердин тизмеси, ошондой эле ыйгарым укуктуу расмий ѳкүлдѳрдүн тизмеси орус тилинде жана латын транскрипциясында берилди.

БШКнын үгүт жүргүзүү жана каржылоо боюнча жумушчу тобу Facebookтогу саясий жарнамаларга мониторинг жүргүзѳт.

БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу, атап айтканда Facebook жана Instagram түйүндѳрүндѳгү жайгаштырылган саясий жарнактарга мониторингди ишке ашырат жана саясий жарнактарды жайгаштырууда милдеттүү түрдѳ шайлоо фондунун каражаттарынан акы тѳлѳнүүгѳ тийиш экендигин талапкерлерге эскертет.

Үгүт жүргүзүүнүңн тартиби боюнча жумушчу топ социалдык түйүндѳрдѳ жайгаштырылган үгүт материалдарында шайлоо мыйзамдарынын үгүт жүргүзүү бѳлүгүнүн талаптары сакталууга тийиш экиндигине талапкерлердин кѳңүлүн бурат.

 

Маалымат иретинде:

 

Бардык саясий жарнак коомдук мааниси бар маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан жарнактардын китепканасына кошулат, ал www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жеткиликтүү болот, анын жогорку бетинен Кыргызстан ѳлкѳсүн тандап алуу керек.

Meta (Facebook) санарип китепканасы маалымат алуунун булагы катары кызмат кылат, ал катталган аккаунттардан чыккан саясий жарнактарга тѳлѳнгѳн акыга мониторин жүргүзүү, Facebook пайдалануучуларын эсебин түшүрүп жазуу үчүн керек.