Санариптик билим берүү чѳйрѳсүндѳ кызматташуу жѳнүндѳ меморандумга кол коюлду

23 августа 2023

2023-жылдын 22-августунда «Жарандык жана санариптик билим берүү борбору» долбоорун жүзѳгѳ ашыруу алкагында БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору кызматташуу жѳнүндѳ «Интернет коомунун Кыргыз бѳлүмү» коомдук бирикмеси жана «Ойгонуу» коомдук фонду менен меморандумга кол койду.

Меморандумга кол коюуюга Талант Султанов - Интернет коомунун Кыргыз бѳлүмүнүн тѳрагасы, Ажыбек НурлановСанарип Инсан долбоорунун ѳнѳктѳштүктү ѳнүктүрүү боюнча менеджери, Заирбек уулу Нурболот - «Ойгонуу» коомдук фондунун уюштуруучуларын бири катышты.

Ошондой эле КР БШКнын тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова менен да жолугушуу болду, жолугушууда санариптик коомдун маалыматтык керектѳѳлѳрү жана кызматташтыктын болочоктогу багыттары талкуулады.

Санариптик билим берүү боюнча «Жарандык жана санариптик билим берүү борбору» долбоорунун багытынын негизги максаты санариптик кызматтарды, электрондук сервистерди пайдаланууүчүн жарандардын санариптик кѳндүмдѳрүн жогорулатуу, заманбап санариптик технологияларга ишенимди кѳтѳрүү, ошондой эле ар кайсы чѳйрѳлѳрдѳ КРда санариптештирүүнү ѳнүктүрүүнү колдоо багытында ITга жаштарды тартуу болуп саналат.

Долбоор санариптик билим берүү боюнча мамлекеттик, жеке секторлордун, донорлордун жана бизнес-коомдоштуктардын жана бардык кызыктар тараптардын ресурстарын жана күч-аракетин бириктирүү үчүн туруктуу баш коштурган аянтча болууга чакырылган, ошондой эле тегерек столдор, ийгиликтүү санариптик лидерлер менен жолугушуулар, санариптик маданиятка жана санариптик кѳндүмдѳргѳ окутуу, ошондой эле алдыңкы IT-курстар үчүн коммуникациялык аянтча (коворкинг) катары кызмат кылат.

Долбоор КР Президентинин жана КР Министрлер Кабинетинин колдоосунда жүзѳгѳ ашырылууда. Мамлекеттик сектор тарабынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана КР Билим берүү жана илим министрлиги долбоордун негизги ѳнѳктѳштѳрү болуп саналат.