БШК депутаттыкка талапкер Т. Бакир уулуна шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин бузгандыгы үчүн эскертүү берди

23 августа 2023

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерге шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин бузгандыгы үчүн эскертүү берди.

 

Мурда Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер Лейла Саралаеванын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Б.Т. Абдыкеримовдон арыз келип түшкѳн, арызда талапкер Турсунбай Бакир уулу А.Бакаев-Гагарин кѳчѳлѳрүнүн жана Асаналиев-Гагарин кѳчѳлѳрүнүн кеcилишинде үгүт материалын – баннерди жайгаштыргандыгы айтылган. Арыз ээси талапкер Т. Бакир уулуна карата мыйзамдарга ылайык чара колдонууну ѳтүнгѳн, анткени анын аракетинде мѳѳнѳтүнѳн мурда үгүт жүргүзүү белгилери бар.

 

2023-жылдын 14-августунда Жумушчу топтун мүчѳлѳрү аталган даректе болушкан, алар 2023-жылдын 28-майында болуп ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо мезгилинде даярдалган «№29» номери менен талапкер Т. Бакир уулунун үгүт баннери жайгаштырылганын кѳрүшкѳн, тийиштүү акт түзүлгѳн.

 

Маалымат иретинде: 2023-жылдын 16-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 28-майында болуп ѳткѳн №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тийиштүү аймактарда үгүт материалдарын тазалоону камсыз кылууга тийиш».

Мында, арызды кароонун жүрүшүндѳ кѳрсѳтүлгѳн орун-жайлардын ээси менен ижара келишими боюнча милдеттенмеге карабастан, аталган үгүт баннерин алып салууга талапкер тарабынан каршылык кѳрсѳтүлгѳн.

Т. Бакир уулу кайра шайлоодо №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп 2023-жылдын 7-августунда катталган. Демек, мурдагы шайлоо ѳнѳктүгүндѳ жайгаштырылган үгүт материалдары 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган кайра шайлоого катышкан талапкер Т. Бакир уулунун пайдасына жасалган үгүттүн түздѳн-түз белгилери бар.

 

Кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы:

1) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн («Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренеси) Т. Бакир уулуна эскертүү жарыялады жана кѳрсѳтүлгѳн үгүт материалдарын 24 сааттын ичинде алып салууга милдеттендирди;

2) үгүт материалдарын ѳз учурунда алып салуу жѳнүндѳ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 5-бѳлүгүнүн талаптарын аткаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясына билдирме жѳнѳттү.